Чүй облусунда чек араны бузган 2 кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 29-февралда Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылынын чет жагынан чек арачылар тарабынан чек араны бузган 2 кыргыз жараны кармалган. Кыргыз Республикасынын Административдик кодексине ылайык, кармалгандарга айып пул салынган.