Кадамжайдагы Сох дарыясынын жээгиндеги көлмөгө 27 жаштагы жигит чөгүп кетип каза болду. 1-мартта ӨКМдан билдиришкендей, 1989-жылы туулган А.Аширов 29-февралда саат 16:30 чамасында Ак-Турпак айылында жайгашкан Сох дарыясынын жээгиндеги көлмөгө түшүп жатып чөгүп кеткен. ӨКМнын Баткен шаарындагы 3-өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары тарабынан Ак-Турпак айылынын жашоочусу А.Ашировдун денеси саат 18:55те табылып, сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилген.