Борбор калаадан баңгизат менен 20 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө амалдардын жүрүшүндө 26-февралда саат 22:00 чамасында Үсөнбаев көчөсүнөн 20 жаштагы К.Р. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган. Тинтүү учурунда чөнтөгүнөн ширеңкенин кутучасына салынган гашиш табылган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.