29-февралда өлкө боюнча 336 наристе жарыкка келди, алар туулган күнүн ар 4 жылда бир жолу белгилешмекчи

2016-жыл толук жыл катары эсептелинет. Анткени бул жылдагы күндөрдүн саны 366ны түзүп, февраль айында 29 күн болот. Кечээ, 29-февралда өлкө аймагындагы төрөт үйлөрүндө 336 наристе жарыкка келди. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

4 жылда бир жолу туулган күнүн белгилей турган наристелердин эң көбү Ош облусунда төрөлдү. Облустар боюнча көрсөткүчкө көз салып коюуну сунуштайбыз:

- Баткен облусунда - 46 наристе

- Ош облусунда – 105 наристе

- Жалал-Абад облусунда – 60 наристе

- Талас облусунда –15 наристе

- Нарын облусунда –13 наристе

- Ысык-Көл облусунда – 21 наристе

- Чүй облусунда – 11 наристе

- Бишкек шаарында - 65 наристе

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Azura
2016-03-01 12:36:48
- Бишкек шаарында - 65 наристе
Мен племянницалуу болдум!!! Ураааа!!!
+3
Ruslan_d
2016-03-01 12:39:16
Менда кече уулду болдум аллага шугур аман эсен энесида баласыда!
+5
meky85
2016-03-01 12:41:54
Жакшы ден соолугу чын омуру узун болсун
+4
Altynai2007kg
2016-03-01 12:48:33
Ден соолугу чын уул кыздардан болушсун
+5
lexus9000
2016-03-01 13:22:45
Суйунчу байкем 3 эгиз кыздуу болду...
+5
suranam
2016-03-01 13:38:37
Ден соолуктары чын болсун ымыркайлардын !
+3
Artyr1994
2016-03-01 16:00:00
Оштогу 105инин 89 озбекда
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан