Бишкекте жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 29-февраль күнү саат 21:00 чамасында болгон. Анда Гагарин көчөсү менен батыш тарапка бараткан айдоочу унаалар жүрүүчү жолдон бурулмакчы болуп Венто үлгүсүндөгү унааны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада Венто унаасынын 24 жаштагы жүргүнчүсү ички органдары катуу жабыркап, аймактык ооруканага жеткирилген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында Мазда-626 үлгүсүндөгү унаанын 31 жаштагы Т.Д. аттуу айдоочусу кармалган. Унаалар айып пул төлөөчү жайга киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uragan007
2016-03-01 13:09:22
Правый руль эмес го аварияга учурагандар? Правый рульду жамандашып атты эле го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан