Сауд Арабиясы Меккеге ажылыкка жана умрага барган элдин коопсуздугу, тыгынды болтурбоонун жолун тапты. Бул тууралуу арабиялык басылмаларга шилтеме берүү менен орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кааба ташына бет алган элдин агымы 50 камеранын жардамы менен көзөмөлгө алынып, атайын систем элге багыт берип турат. Бул айрымдардын тепсендиде калбоосун шарттап, тыгындын алдын алат.
Айрым маалыматтар боюнча, Кааба ташын камтыган мечиттин аймагына бир убакытта 2 миллиондон ашык адам кирет. Элдин агымы күч болгон бул жайда басым дайыма жаралып, жыйынтыгы өлүм менен аяктаган учурлар жок эмес. Мисалы, 2015-жылы ажылык маалында 2200 адам өмүрү менен коштошкон.