Бишкекте күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган келиндин соту 14-мартка дайындалды

Бишкекте күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган 26 жаштагы С.Айдайдын иши боюнча биринчи соттук отурум 14-мартка дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 1-мартта Октябрь райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттук кароону Октябрь районунун судьясы Кымбат Архарова карайт.

Кылмышка шектүү 2013-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөнү маалым.

Айта кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан чемоданга салынган абалда табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
89elnura89
2016-03-01 13:37:07
Рахмат...Супер- инфо ар бир кылмыштын аягы эмне мн бутконун маалымдап тургула а-то ойлонгон элем, Камиланын олумуно шектуулор, ушул келин жонундо эмне болдукен деп.
+3
mr.sher
2016-03-01 14:38:52
89elnura89,Камиланын иши да ачылбай калып кетти окшойтко
+1
89elnura89
2016-03-01 16:48:27
mr.sherоа окунучтуу жакшынакай жаш бойдон кетти. А
0
karona12
2016-03-01 14:01:55
Азаматсыңар,супер инфо бар маалыматтардан артта калбайбыз.биринчи класс баланы өлтүргөн аял канча жылга кесилгенин да күтүп келем.
+2
leili1
2016-03-01 15:29:25
Мен кечээ ойлодум эле не болду экен ошол келин деп,Москвадагы узбечка аялдын жооругунан кийин.
+1
jika1984
2016-03-01 17:08:20
Ал кызды мен уктум тааныштардан жинди болбой эле бир жакшына каткырып эле турмодо отурат экен.калп эле жинди кана жаткыргандын амалын таппай жазаасын алсын.
0
Inna_91
2016-03-01 17:40:11
Ужаааааааассс
0
karakchyyy
2016-03-01 21:33:54
Камиланын иши не болгонун да билип бериниздерчи урматтуу суперчилер.
0
admin_portal
2016-03-02 13:20:18
karakchyyy, karona12, 89elnura89,
Саламатсыздарбы!
Кабар алып бергенге аракет кылабыз.
0
89elnura89
2016-03-02 20:32:12
admin_portal,Рахмат эл алдында чындыкты силер апчыккыла. Чондорго болгон ишениш кеткен. Калганы жаап жашырганга аракет кылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан