Бишкекте студенттер узундугу 3 метрди түзгөн калпак жасап, аны "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизебиз дешүүдө

Бишкектеги студенттер узундугу 3 метрди түзгөн калпак жасап, аны "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизебиз дешүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Студенттик кеңешинин төрагасынын орун басары Атилла Гүвен бүгүн, 1-мартта билдирди.

"Улуттук баалуулуктарды жандандыруу максатында узундугу 3 метр болгон ак калпак жасалууда. Туурасы узундугуна жараша өлчөмдө болот. Калпак ак кийизден жасалып, оймосу кара түстө болот. Бул калпакты эң чоң калпак катары "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизүү да максатыбыз бар",- дейт Атилла Гүвен.

Маалыматка ылайык, калпак студенттердин каражатына жасалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gulya21
2016-03-01 14:16:09
Азамматтар
+4
insap
2016-03-01 14:46:51
Ырас болгон екен, минтпесе «озунган таз бөрк алат» болуп, дагы бир жутунган улут калпакты өз атынан генниске жаздырып албайт деп айтуу да кыйын болуп калгансыды азыркы доордо.
0
Munar8625
2016-03-01 16:29:33
Калпагынар буткондо мана бербейсинерби Атамдын чон атасынан калган 140жылдык Оругу бар ошого кийгизип койом.
-2
Sobr777
2016-03-01 22:05:46
Эээх кана эми гиннестке киргизсе. Бирок киргизбейт
0
esimdesin
2016-03-02 00:51:45
ооо жакшы жакшы Атилла байке алга!
0
Moskva.kg
2016-03-02 02:25:47
Киргизиш керек эн жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан