Казакстандын 24 жаштагы жаранын бычактап өлтүрүү кылмышы боюнча 18-март күнү Бишкек шаарынын тургундары 21 жаштагы М.М. жана 20 жаштагы А.Б. аттуу кыздар кармалышты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, мас абалындагы казак жараны менен аталган 2 кыздын ортосунда талаш-тартыш чыгып, кызуу кандуулукка алдырган кыздар анын денесине 45 ирет бычак сайган. Каза болгон жаран Бишкектеги жарнама компанияларынын биринде технолог болуп иштеп жүргөн. Учурда кыздардын үстүнөн кылмыш иши козголгону маалымдалды.