Азия футбол конфедерациясынын президентин шайлоодо Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы добушун саткан. Мындай маалыматты 24-февралда "The Guardian" басылмасы Британиянын Коомдук палатасынын депутаты Дамиан Коллинске шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, депутат кезектеги отурум алкагында сөз алып, ушул чуулуу маселеге токтолду. Анын айтымында, 2013-жылы шайлоо алдында аталган конфедерациянын учурдагы президенти (ал кезде бул кызматка талапкер болчу) шейх Салман бин Ибрахим аль-Халифа 1,6 миллион фунт сарптаган. Буга катар айрым эреже бузууларга жол берилген. КРнын Футбол федерациясы шайлоого 3 күн калганда 53 долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү суранып, Азиянын Олимпиадалык кеңешинен бир канча миллион фунт сураган. Депутат аталган кеңештин футболго тиешеси жок экенин, бирок аны жетектеген шейх Ахмад Аль-Фахад Аль-Сабах сөз болуп жаткан шейх Салмандын жакын санаалашы экенин айтат.
Коллинс өз сөзүндө шайлоо өткөндөн кийин Олимпиадалык кеңешке кайрадан кайрылуу түшүп, федерация 53 долбоор үчүн сүйлөшүлгөн каражат качан колго тиерин тактап сураганын айтат.
"Бул Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы 2013-жылы шейх Салманга добуш бергенин жана андан тиешелүү каражатты алганын шекшигенге түртөт",- дейт депутат.
Кошумчалай кетсек, Азия футбол конфедерациясы (АФК) түздөн-түз Эл аралык футбол федерациясына баш ийип, бир багытта иш алып барат. Ал эми Азиянын Олимпиадалык кеңеши Эл аралык Олимпиада комитетине баш ийет жана футболдук уюмдарга тиешеси жок.
Бул маселе боюнча шейх Салмандын өкүлдөрү комментарий берип, 2013-жылкы шайлоо таза өткөнүн жана ал артыкчылык менен жеңишке жетишкенин айтышты.