Жогорку Кеңештин депутаттары Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын өкүлү менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган делегация 29-февралда Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Кристин Муттонен менен жолугушту.

ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, тараптар ЕКПА жана Кыргыз Республикасы-Австрия кызматташтыгы жаатында пикир алышты. Кыргыз делегациясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков маектешинин көңүлүн Бишкек шаарындагы Европа коопсуздугу боюнча кызматташтык уюмунун Академиясынын ишине буруп, жакшы саамалыктарды атады.

Муттонен Кыргыз Республикасында 2015-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоого байкоочу болгонун, биометрикалык жол менен шайлоо өткөрүү жагынан кыргыз өлкөсү аймакта башкалардан озуп чыкканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан