Борбордо "кызды кафеге чакырып, 10 миң сом төлөй албай качып кеткен" делген жигит сыртка акча издеп чыгып кеткен учурда кыз үстүнөн арыз жазып салганын билдирди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 1-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Качты делген Азамат аттуу жигит кафеде ичкен-жеген тамагына төлөөгө акчасы жетпей калып, ал сыртка акча табуу максатында чыкканын билдирген. Ошол учурда кыз аны качып кетти деген ой менен үстүнөн арыз жазууга үлгүргөн",- деп билдиришти шаардык милициядан.
Айта кетсек, милицияга арыз менен 23 жаштагы П.А. аттуу кыз кайрылган. Ал саат 23:00 чамасында Азамат аттуу жигит анын ишенимине кирүү менен кафеге чакырып, кийин 10 миң сом төлөй албай качып кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 24 жаштагы Э.Азамат аттуу шаар тургуну кармалган.