29-февралда Сосновый Бор шаарындагы Красные Форты көчөсүндө кыргыз жаранын кармоодо каршылык көрсөтүп, полиция айымды чачтан жана колунан кармаган. Натыйжада айым медициналык жардам көрсөтүлгөн соң амбулатордук дарылоого жиберилген. Бул тууралуу орусиялык "lifenews78" басылмасы бүгүн 1-мартта жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, полиция айымынын оң колунун сөөгүнүн капсулдук байламталарына зыян келтирилип, окуяга байланыштуу кызматтык изилдөө жүргүзүлө башталды.