Борбор калаада "оюнчук тапанча менен коркутуп, акча талап кылган" деген шек менен өспүрүм кармалды

Борбор калаада "оюнчук тапанча менен коркутуп, акча талап кылган" деген шек менен өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 33 жаштагы К.А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал 28-февраль күнү саат 20:20 чамасында борбордогу көчөлөрдүн бириндеги дүкөндүн жанынан белгисиз адам сөгүнүп, оюнчук тапанча менен коркутуп, акча талап кылганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жаштагы Ш.У. аттуу өспүрүм кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Inna_91
2016-03-01 17:24:52
Ола 16 жаш болсо жапжашко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан