Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 73 сом 19 тыйындан сатылып жатат

Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда бүгүн, 1-мартка карата 1 долларды сатып алуу 72 сом 62 тыйын болсо, сатуу 73 сом 19 тыйын болууда. Еврону сатып алуу 79 сом 17 тыйын, сатуу 80 сом 62 тыйынга жетти. Ал эми 1 рублду сатып алуу 97 тыйын, сатуу 98 тыйын болуп жатат.

Эксперттердин айтымында, доллардын наркынын түшүшүнүн бир катар себептери бар. Алардын бири үй алуу үчүн баалардын доллардан сомго которулганы. Мындан улам чет өлкөлүк валютага болгон суроо-талап кыскарып, тескерисинче, сомго муктаждык көбөйгөн. Экинчиден, Улуттук банк валютанын курсун сактап калыш үчүн бир канча жолу интервенция жасап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kirgizstan
2016-03-01 17:01:16
Жаман туштуго
+1
alas
2016-03-01 17:59:06
Ушул доллар деген балее тушуп эле жок болуп кетсинчи
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан