Бишкек шаарында уурулукка шектелип Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы А.К. аттуу шаардын тургуну кайрылган. Ал белгисиз адамдар анын үйүнө кирип 30 миң сомдук ноутбугун жана 25 миң сомдук сумкасын уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.