Бүгүн, 22-мартта КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов Европа Биримдигинин техникалык жактан жардам берүүчү жаңы өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу учурунда курамдын башчысы, мамлекеттик каржыларды башкаруу боюнча башкы эксперт Хенни Матерс “Тармактык саясатты колдоо программасы” деген аталыштагы жаңы долбоор сунушталып жатканын жана анын шарттары тууралуу айтып берди. Өз кезегинде министр бул долбоорду ишке ашырууда министрлик бардык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин айтты. Белгилей кетсек, долбоор өлкөдөгү социалдык кызмат көрсөтүүнү жана социалдык башкарууну жакшыртууга багытталган.