Кыргыз жергесинде арчаны мыйзамсыз кыйгандыгы үчүн өзбек жараны 6 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 1986-жылы туулган А.Тургунов аттуу Өзбек Республикасынын жараны жоро-жолдоштору менен Кадамжай районунун Куржун жайлоосунан 2013-жылы диаметри 8ден 20га чейинки саур-арча түрүнө кирген 10 түп арчаны мыйзамсыз түрдө өспөй калган деңгээлге чейин кыйып, аларды үйүнө алып кеткен. Натыйжада мамлекетке 750 000 сомдук зыян келтирген.
“Тергөө мезгилинде кылмышка шектүү өзбек жарандары Бегжан, Азамат жана Умар экени белгилүү болуп, алар мындай мыйзамсыз иштерге 2014-жылы да эки жолу барышканы аныкталган. Баалуу дарактарды кыюу менен жалпысынан мамлекетке 1 миллион 50 миң сом зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренесинин (бак-дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу) негизинде А.Тургунов жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен 6 жылга эркиндигинен ажыратылды.
Кадамжай райондук сотунун 2015-жылдын 27-ноябрында чыгарган чечимине макул эместиктерин билдирген соттолуучу А.Тургунов жана анын жактоочусу кассациялык даттануу менен облустук сотко кайрылган. Баткен облустук сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы ишти карап чыгып, Кадамжай райондук сотунун чыгарган чечимин күчүндө калтырды",- деп айтылат маалыматта.