"Кечинде дүкөнгө чыгып кеткен жолдошум милицияга түшүп, эртеси жансыз денеси өлүкканадан табылды". Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына маркум Нурбек Токтакуновдун жубайы Динара Төлөгөнова билдирди. Анын айтымында, жолдошу Нурбек Токтакунов 30-январь күнү саат 20:00 чамасында “тамеки алып келейин” деп сыртка чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
“Дүкөнгө баратып өзүн начар сезип, жолдон бүгүлө отуруп калат. Аны көргөн жаш жигит жанына келип сурап, “Тез жардам” кызматына телефон чалат. Окуя болгон жерге “Тез жардамдын” кызматкерлери келип, күйөөмдү мас экен деп райондук Ички иштер башкармалыгына алып барышат. Ал жактан күйөөмдү эмне кылышканын билбейм, ал азырынча сыр бойдон калууда. Саат 02:00дөн кийин ал өзүн жаман сезип, саат 04:00 чамасында каза болуп калган экен. Таңкы саат 07:00гө жетпей анын жансыз денеси өлүкканага жеткирилген. Анан саат 10:30 чамасында 3-4 милиция кызматкери кайнатамдын үйүнө келип “Өлүкканада бир адамдын жансыз денеси жатат. Ал сиздин уулуңуз окшойт, барып көрүңүз” деп айтып кетип калышкан.
10-мартта жолдошумдун кыркы болот. Мен аза күтүп, үйдөн чыкпай отурушум керек эле, бирок акыйкат издеп ар кайсы органдын эшигин каккылап жүрөм. 18-февраль күнү соттук-медициналык экспертиза “арактан ууланып өлдү" деген жыйынтык чыгарган. Ал күнү жолдошум соо болчу, ал эми “Тез жардамдын” фельдшери Роза Алахунова күйөөмдүн мас абалда болгонун билдирген. Макул, мас болсун, бирок качантан бери дарыгерлер мас адамды милицияга жеткирип калышты эле? Эгерде жолдошум элдин тынчын алып, ызы-чуу кылган болсо мейли эле. "Өзүн начар сезген адамды неге милицияга алып барат?" деген суроо жоопсуз калууда”,- дейт маркумдун жубайы.
Динара Төлөгөнова бүгүнкү күнгө чейин тергөөчү чакырып же кандайдыр бир суракка алынбаганын жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан күмөн санап жатканын айтты.
“Мен күйөөмдүн өлүмү жөн эле кала бербесин деп жактоочу да жалдадым. Бул ишти карап жаткан прокурор Нурмат Исраиловго ошол түнү күйөөм кармалган райондук Ички иштер башкармалыгында орнотулган видеобайкоодогу видеону алууга аракеттенгем. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин ал түнү эмне болгону мага белгисиз. Күйөөмдүн кежигесине кан уюп калган экен, бөйрөк тарабы көк ала болчу. Анан мен кантип тынч отурам? Видеобайкоого түшкөн тасма бир нече убакытка чейин эле сакталарын билем. Санаам тынчысын деп бир нече жолу ал видеону көрүүнү өтүнгөм, бирок ар кайсы шылтоолор айтылып, бирде "ал жок" же "аны көчүрүп бере турган адам жок" деген жооп угуп келатам”,- деп кошумчалады Төлөгөнова.
Белгилүү болгондой, ал түнү Нурбек Токтакунов атасынын үйүндө болгон. Ал эми жубайы ошол эле айылдагы эжесинин үйүнө конокко кеткен. Кечинде маркум кошуна жашаган кайнисинин үйүнө барып сүйлөшүп отуруп, анан “үйгө барып жатам” (атасынын үйүнө) деп кетип калган. Ал эми маркумдун ата-энеси "ал кайнисинин үйүндө калды" деген ой менен аны издешкен эмес. Анын үстүнө жанында уюлдук телефон болгон эмес.
Учурда Ат-Башы райондук "Тез жардам" кызматынын дарыгерлерине карата кылмыш иши козголгону маалым болду.