Жылнаама, 2-март: Мындан 48 жыл мурун Жеймс Бонддун ролу аркылуу атакка жеткен англиялык актёр Дэниел Крэйг туулган

* Мындан 56 жыл мурун, 1960-жылы 5-чакырылыштагы "Ата Журт" фракциясынан ЖКнын депутаты Жылдызкан Жолдошова Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын Кыргыз-Чек айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1999-жылы Фрунзедеги Автожол техникумунан техник-куруучу кесибине ээ болсо, 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтун “инженер-куруучу” адистиги боюнча аяктаган.
2010-жылдын октябрында “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

* Мындан 47 жыл мурун, 1969-жылы ИИМдин Баңгибизнес менен күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары полковник Анвар Алиев туулган. Анвар Алиев Кыргыздын биринчи генералы Эргеш Алиевдин небереси болгон. Ал Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) Милициянын жогорку мектебин аяктаган. Көп жылдар бою түштүк аймакта милициянын жооптуу кызматтарында иштеп, үзүрлүү эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.
2008-жылдын 4-август күнү полковник А.Алиев кесиптештери менен футбол ойноп, түнкү саат 22:45 чамасында үйүнө бет алат. Унаасын токтотуп, өзү жашаган көп кабаттуу үйгө кирерде аны күтүп турган кылмышкер Макаров тапанчасынан ок чыгарган. Биринчи ок ийинин чийип өтүп, моюнуна тиет. Жерге кулаган А.Алиев өзүн колу менен калкалагандан улам кийинки октор колун тешип өтүп, октун бири моюнуна, экинчиси ийинине тийген. Анвар Алиев андан кийин 1 сааттай жашап, ооруканада операция учурунда жан берген.

* Мындан 83 жыл мурун, 1933-жылы Нью-Йоркто “Кинг-Конг” тасмасынын бет ачары болуп өткөн. 1930-жылдары эки жазуучу: Мериан Купер менен Эдгар Уоллас ХХ кылымдын жаңы образын – Кинг-Конгду жаратышкан. Таң каларлык көлөмдөгү горилла тууралуу идея Уиллис О`Бра­йенге өтө жагып калат да, аны тасма кылып тарткан. Коркунучтуу, каардуу, бирок ошол эле убакта өтө мээримдүү горилла тез аранын ичинде эл арасында эң популярдуу кинообразга айланган. “Кинг-Конг” 1933-жылдын мыкты фильмдеринин катарына кирип, көпкө чейин кинотеатр экрандарынан кеткен эмес.

* Мындан 48 жыл мурун, 1968-жылы англиялык актёр Дэниел Крэйг Англиянын Честер шаарында туулган.
Дэниел Крэйг дүйнөлүк атакка "Казино "Рояль" (2006), "Квант милосердия" (2008), "007: Координаты "Скайфолл" (2012) тасмаларындагы Жеймс Бонддун ролу аркылуу жеткен. Ал Бондду аткаргандардын ичинен эң көп гонорар алгандыгы менен айырмаланат. Айта кетсек, "Казино "Рояль" тасмасы үчүн 10 миллион 400 миң доллар гонорар алган.

2-мартта Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан