18-мартта саат 18:00 чамасында Талас районунун Кум-Арык айылындагы Кушубаков көчөсүнөн белгисиз аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Талас РИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматтар боюнча, аялдын жашы болжол менен 30-35те, бою 160-165 сантиметр. Анын денеси жуурканга оролуп, сыртынан таңылган абалында аталган айылдагы жаңы курулуп жаткан үйдүн ичинен табылган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.