Ош менен Тажикстандагы Хорог аймагын байланыштырган унаа жолу "National Geographic" боюнча эң кооз жолдордун тизмесинде 2-орунга ээ болду. Бул тууралуу аталган журнал 28-февралда жазып чыккан. Тизмеде 4 континент боюнча 10 жол бар.
1-орунду Франциядагы Вердон капчыгайы ээлесе, Ош-Хорог жолу АКШ, Австралия, Орусия, Аргентина жана Европадагы жолдорду артта калтырып, 2-орунду алган.
"Өздүк автоунаа жана мотосаякат эң популярдуу эс алууларга кирип жатат. Биз сиздер үчүн 4 континенттин ичинен 10 эң кызыктуу жолдорду тандадык. Алар саякат үчүн жакшы себеп боло алат",- деген басылма.