Биз социалдык тармакта

Ош менен Тажикстандагы Хорог аймагын байланыштырган унаа жолу "National Geographic" боюнча эң кооз жол

Ош менен Тажикстандагы Хорог аймагын байланыштырган унаа жолу "National Geographic" боюнча эң кооз жолдордун тизмесинде 2-орунга ээ болду. Бул тууралуу аталган журнал 28-февралда жазып чыккан. Тизмеде 4 континент боюнча 10 жол бар.

1-орунду Франциядагы Вердон капчыгайы ээлесе, Ош-Хорог жолу АКШ, Австралия, Орусия, Аргентина жана Европадагы жолдорду артта калтырып, 2-орунду алган.

"Өздүк автоунаа жана мотосаякат эң популярдуу эс алууларга кирип жатат. Биз сиздер үчүн 4 континенттин ичинен 10 эң кызыктуу жолдорду тандадык. Алар саякат үчүн жакшы себеп боло алат",- деген басылма.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
hihikayu
2016-03-02 08:38:21
Ош-Чон-Алай жолу,Талдык ашуусуго
+2
MuslimNur95
2016-03-02 08:56:08
Жомоктогудай жерго американын фантастикалары эмес оригинал кооздук.
+10
Kanat.Kadyrov
2016-03-02 08:58:11
Талдык ашуусу го
+3
E.TARZAN
2016-03-02 09:38:44
Жогор жагына чыгып туруп ылдыйда келе жаткан машиналарды карасан озунчо эле кооз болуп корунот.
+4
Aida21
2016-03-02 09:42:42
Биздин Талдык ашуусу.
+3
Rednalf
2016-03-02 10:08:57
Талдык,Кызыларт,Акбайтал,Хорогго чейин көп кооз жерлер бар.
+2
Shef87
2016-03-02 12:16:06
биздин Fitтер жоргодой жорткон жол да бул
+2
BARSBEK.KG
2016-03-02 18:54:22
Эн жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан