Орусиянын федералдык телеканалдары 4 жаштагы Анастасиянын өлүмүнө байланыштуу мыкаачылык кадрларды көрсөтпөө чечимин чыгарышкан. Бул чечимге Кремлдин эч кандай тиешеси жок экенин Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу "RT News" басылмасы жазып чыкты.
"Бул кайгылуу окуяны федералдык каналдар көрсөтпөө чечимин чыгарышкан. Буга Кремлдин тиешеси жок. Журналисттердин бул чечимине кошулууга гана мүмкүн. Окуянын видеосун сыналгы аркылуу көрсөтүү - бетпактык",- деди Песков.
Ошондой эле Песков мындан башка да үрөй учурган окуяларды көрсөтпөгөн учурлар кездешкенин эскертип, журналисттерди кылмышкердин улутуна басым жасап, абалды ырбатпоого чакырды.