Бүгүн, 2-мартта Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Мода индустриясы: буюмдар жана жабдуулар-2016” көргөзмө-жарманкеси ачылды. Иш-чара 10-ирет өткөрүлүп, аны КРнын Жеңил өнөр жай ассоциациясы уюштурууда. Аталган мекеменин менеджери Наргиз Байтерекованын айтымында, көргөзмө-жарманкеге 50дөн ашык жергиликтүү тигүү ишканалары, ошондой эле Германия, Чехия, Кытай, Япония, Корея, Түркия жана Монголиянын ишкерлери катышууда.
"Кардарлар жарманкеден кыргыз жергесинде тигилген кийимдерди, жабдууларды, кездемелерди, тери жана чет элдик өндүрүүчүлөрдүн товарларын, ошондой эле бут кийим, кол өнөрчүлүк буюмдарын жана сувенирлерди арзан баада таба алышат.
Көргөзмөнүн программасы боюнча Кыргыз Республикасында мода индустриясын өнүктүрүүгө арналган суроолорду талкуулоо үчүн семинарлар, тегерек столдор, сынактар жана мастер-класс уюштурулат",- деди Байтерекова.
Көргөзмө-жарманке 7-мартка чейин уланат.