"Mercer" консалтинг ишканасы жыл сайын дүйнөнүн түрдүү шаарларындагы жашоо сапатын иликтеп, атайын рейтинг түзүп турат. Бул жолку рейтингде Бишкек шаары жашоо шарты начар 29 шаардын катарына кирди.
Маалым болгондой, аталган ишкана дүйнөнүн 450 шаарындагы жашоо шартын иликтеп чыккан. Анда социалдык жана саясий туруктуулук, кылмыштуулук, күч органдарынын аткарган иши, экономикалык абал, социалдык-маданий абал, медицина тармагы, билим берүү тармагы, коммуналдык кызматтар жана транспорт, таза суу, эс алуу жайлары, спорт менен машыгууга шарттын бар-жогу, өндүрүш, жашоо шарты, экология жааты эске алынган.
Жыйынтыгында Бишкек жашоого ылайыктуулугу жок шаарлардын катарында 21-орунду ээледи.
Назарыңыздарга тизмедеги 29 шаарды коёбуз.
29-орун. Карачи шаары (Пакистан). 28-орун. Тегеран шаары (Иран). 27-орун. Ломе шаары (Того). 26-орун. Ташкент шаары (Өзбекстан). 25-орун. Абиджан шаары (Кот-д'Ивуар). 24-орун. Аддис-Абеба шаары (Эфиопия). 23-орун. Ашхабад шаары (Түркмөнстан). 22-орун. Хараре шаары (Зимбабве).
21-орун. Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы. Рейтингдин түзүүчүлөрү "Өлкөнүн экономикалык борборунда да жакырчылык күч алган. Ошондой эле "Ислам мамлекети" уюмунун өкүлдөрү тарабынан теракт боюнча коркутуулар болуп турат" дешет.
20-орун. Лагос шаары (Нигерия). 19-орун. Абуджа шаары (Нигерия). 18-орун. Дүйшөмбү шаары (Тажикстан). 17-орун. Дакка (Бангладеш). 16-орун. Уагадугу (Буркина-Фасо). 15-орун. Триполи шаары (Ливан). 14-орун. Ниамей шаары (Нигер). 13-орун. Антананариву шаары (Мадагаскар). 12-орун. Бамако шаары (Мали). 11-орун. Нуакшот шаары (Мавритания),
10-орун. Конакри шаары (Гвинея).
9-орун. Киншаса шаары (Конго Демократиялык Республикасы). 8-орун. Браззавиль (Конго). 7-орун. Дамаск шаары (Сирия). 6-орун. Нджамена шаары (Чад). 5-орун. Хартум шаары (Судан). 4-орун. Порт -о-Пренс шаары (Гаити).
3-орун. Сана шаары (Йемен).
2-орун. Банги шаары (Борбордук Африка Республикасы)
1-орун. Багдад (Ирак)