Кызыл-Кыя шаарында өз алдынча көмүр казган 3 адам шахтанын ичинде газга ууланып, алардын экөөсү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, карагашалуу окуя кечээ, 1-мартта саат 11:00 чамасында болгон. Анда №5-көмүр карьеринде өз алдынча көмүр казган 3 адам шахтанын ичинде газга ууланган. Куткаруучулар барганга чейин көмүр казган жергиликтүү адамдар газга уулангандарды сыртка чыгарып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Тилекке каршы, Ноокат районунун Беш-Буркан айылынын 30 жаштагы Алтынбек Эрматов аттуу тургуну жана ошол эле айылдын 24 жаштагы Улукбек Эрматов аттуу тургуну ооруканага жетпей каза болушкан. Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын 25 жаштагы Уларбек Базарбаев аттуу тургуну ооруканага жеткирилген.