16 жаштагы кызга үйлөнгөн ишкер Сариев мурунку аялын кылмыш жообуна тарттырганы жатат

Нарынбек СариевБишкекте 16 жаштагы кызга үйлөнгөн ишкер Нарынбек Сариев мурунку аялынын үстүнөн арыз жазды. Муну бүгүн, 2-мартта анын мурунку жубайы Анара Сариева SUPER KG порталына билдирди.

Жолдошум Нарынбек Сариев бизге тийиштүү мүлктү бөлгүсү келбей, мени ар түрдүү жол менен коркутуп, мүлктөн баш тартуумду көздөп жатат. Андай кыла турган болсо, мен үч балам менен кайда барам?

Кечээ кайрадан менин үстүмдөн Октябрь РИИБине арыз жазыптыр. Бул тууралуу мага тергөөчү телефон чалып кабарлады. Арызында мени "үйдөн документтерди уурдап кетти" деп жазыптыр. Бизди суракка албай туруп кылмыш ишин козгоптур. Биз чогуу жашабай калгандан кийин жолдошум документтер сакталган сейфтин кулпуларын өзгөртүп койгон. Мен документтерди баары бир ала албайт болчумун. Акыркы жолу үйгө барганымда кароолчу менен чогуу кирип кийимдеримди алып кеткем”,- дейт Сариева.

Нарынбек Сариев жубайынын үстүнөн былтыр декабрь айында да арыз жазганы айтылды. Анда жубайы шантаж кылып кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү өзүнө жаздырып берүүнү талап кылып жатканын айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон, быйыл 6-февралда тамактануучу жайдан жубайы Анараны "жолдошу Нарынбектен пара алды” деп кармашкан.

"Мен юридикалык жак болбогондон кийин мени кантип "пара алды" деп айтышат? Нарынбек Сариев мени ал жерге "балдардын окуу жайына төлөгөнгө жана керектүү нерселерге жумшаганга акча берем" деп чакырган",- дейт ишкердин аялы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
cholponka91
2016-03-02 12:17:59
байлык бийлик деп атып чондорубуз не болуп кетишээр экен жада калса оз канынан жаралган балдарын да козго илбей уялбай этпей эле жаш катыны менен жашап
+6
Urmat_83
2016-03-02 12:20:05
Балдарынан акча аяган ит экенго.16жашар аялы эртен озуно уй машина алдыргандан кийин куйругун туйотда
+7
stimyl.kg
2016-03-02 12:32:06
Копкон адамдар кыдаарга иши жоктор эртенки кунун балдарынын келечегин ойлобогон акмактар ушул кадамга барат. Кылмыштын баары жогорку жактан келет карапайым калкка.
+5
Adi.Avazbekov
2016-03-02 12:39:00
Atyn chykbasa jer ortto dechu bele. Kaisyl kyz tiidi eken. Aiyp bolupturda
+3
sabyr86
2016-03-02 13:10:55
Булар 16,17 жашар кыздарды аялдыкка алгандыгы үчүн суралабы жокпу?
+7
Sezim.A
2016-03-02 14:34:22
Бир жожого да жем керек эмеспи,а бул киши 3 баласын эмне жеди,эмне ичти деп ойлобойт экен?!Кайсы билимсиз карангы адам кармап алыптыр пара алып жатканын,тообо акыры балдарды туудургандан кийин багыш керек го.Астафиралла эмне деген гана жанылыктар болуп жатат,мурун кинодон корчу элек.Бир чужой эле кыздын ата энесине уй алып берипсин,а озундун канындан жаралган балдарындан да артыкпы алар,кийин алар да чоноюшат а сен каарыйсын ушул боюнча отпойсун ,алардын жузун кантип карайсын!?
+3
kuba-kj
2016-03-02 15:05:45
Турунон эле корунуп турбайбы пас адам экени,катыны желмогуз болгондо да балдарынын апасы экенин тушунбогон кок мее адам тура.
+3
Xanif.Kg
2016-03-02 15:19:08
Ушунчалык даражасы томон эркек сорой тура...
0
Pantherka
2016-03-02 16:05:44
Кебетесинен корунуп турат неадекватный экени, аялын сыздаткан эркек жарымак беле уч баласы менен тем более!
+1
Meka_ademi
2016-03-02 16:10:21
Ушундай эркек болбой эле койсо болмок,,, шымын чечип юбка кийип ал! 100% лапшагон адам экенсин, акчага козун май баскан!
+1
Patriot..kg
2016-03-02 16:30:10
Шантаж деген эмне леген сөз
0
Erkin.89
2016-03-02 18:28:22
Дагы депутат болот имиш...
0
isnur93
2016-03-02 21:42:19
Ушундайларды депутаттаттыктан чыгарып салыш керек,ошондо элдин акчасына коппой,кыссып иштешет.Ушул денгеелге жеткирген аялы болсо керек,жакшы жаманын жаап жашырып,эмиле кыйынсып аялын тенсинбей жаш кызга уйлонгон,адам эмескен.кудай бар.
0
Kroxa
2016-03-02 23:33:41
Депутаттын мээси,,жок болот десе ишенчу эмесмин,,,,
0
JIGIT1
2016-03-03 04:38:58
Семиз кой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан