Чүйдө менчик ишканадан 216 миң сомго бааланган байпактарды уурдоого шектелип 24 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды

Чүй облусунда менчик ишканадан 216 миң сомго бааланган байпактарды уурдоого шектелип 24 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 56 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Ал 2015-жылдын июль - сентябрь аралыгында Аламүдүн айылында жайгашкан менчик байпак чыгаруучу фабрикадан белгисиз адамдар 18 пресстелген байпак таңгактарын уурдап кетишкенин айткан. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 216 миң сомду түзгөн.

Бул факт боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы А.С. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган. Учурда ал камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан