Борбордо "Кадиллак Эскалейд, БМВ-Х-5 жана Порше Кайен үлгүсүндөгү кымбат баалуу унааларын тартып алган" деген шек менен шаар тургуну кармалды

Борбор калаада "кымбат баалуу 3 унаасын тартып алган" деген шек менен 30 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 35 жаштагы П.В. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Шах аттуу киши анын ишенимине кирүү менен Кадиллак Эскалейд, БМВ-Х-5 жана Порше Кайен үлгүсүндөгү унааларын тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы С.Шах аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BARSBEK.KG
2016-03-02 19:04:47
кудай сакта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан