Көчөлөрдөгү оңдоп-түзөө иштеринен улам №212, №137-маршруттук таксилеринин, №38-автобустун каттамында өзгөрүү болот. Бул тууралуу мэриянын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, учурда Патрис Лумумба көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Андыктан №212-маршруттук такси Салтанат көчөсүнө которулуп, Кайназарова көчөсү менен Касым конушу аркылуу Талды-Суу көчөсүнө барат. №137 жана №269-маршруттук таксилер Патрис Лумумба көчөсү аркылуу Профсоюз көчөсүнө чейин барат. №38-автобус болсо Салтанат жана Кайназарова көчөлөрү менен Касым конушу аркылуу 110-кварталга барат.
Жолду оңдоп-түзөө иштери шаардык бюджеттен каржыланууда. 2,5 чакырым келген жолду август айына чейин бүтүрүү пландалууда.