Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаардын тургуну кайрылган. Анда Таалай аттуу киши анын ишенимине кирүү менен Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасын тартып алганын билдирген. Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары У.Ж. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.