"Ишкер тарабынан 16 жашында зордукталды" делген кыздын апасы жооп берүүдөн баш тартты

Бишкекте ири компаниялардын биринин директору Нарынбек Сариевдин үй-бүлөсүнө байланыштуу чыр уланууда. Кечээ, 1-мартта ишкердин аялы Анара Сариева "16 жашар кызга үйлөнүп, мени өлтүрөм деп коркутууда" деп күйөөсүн айыптап чыккан. Жолдошу 16 жашар кызды зордуктап, учурда ошол кыз менен жашап жатканын айткан эле. Бүгүн аталган ишкер аялынын дооматтарын четке кагып, "жубайым Анара Сариева психикалык жактан оорулуу, менин мүлкүмдү тартып алгысы келүүдө" деп SUPER.KG порталына комментарий берди. Ишкер эч кандай кыз зордуктабаганын, аялы 16 жашар кыздын апасы Чолпон Асаналиеваны коркутуп арыз жаздыртканын айтууда. Бул боюнча кыздын апасына кайрылсак, жооп берүүдөн баш тартты. "Бул боюнча эч кандай комментарий бербейм",- деген кыска жооп узатты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Arslan12
2016-03-02 14:02:33
Психикалык жактан оорулуу болсо эмнеге уйлонот же 2 балалуу болгуча билген эмеспи, аялына бербесе 2 баласына берип койбойбу оорулуу аялга балдарын таштап, дагы талапкер имиш депутаттыка. А тиги аял 16 жаштагы кыздын апасы, кайсыл бети менен жооп бермек эле.
+7
Inna_91
2016-03-02 14:04:54
Шармандаааа
+1
Inna_91
2016-03-02 14:07:13
Уяяятттт акыр заманда чалдар жаш кыздарга уйлонот деп китептен окуган элем туура экен
+3
Drongo
2016-03-02 16:15:06
Inna_91,Акыр заманы жок эле,илгерки убакта деле болгон жаш кыздарга уйлонгон чалдар.Мындай корунуш жеке эле кыргыздарда эмес,башка улуттарда деле толтура.Акыр заман тууралуу сектанттардын китебинен окугансын го?
+1
dasta
2016-03-02 14:11:13
ХХХ ХХХ ХХХ... кете берет
0
admin_portal
2016-03-02 14:28:22
dasta - эскертүү!
Кимдир бирөөлөрдү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
89elnura89
2016-03-02 14:17:37
Акчалуулар всегда, везде прав айрыкча кыргызтанда. Аялы эмес озу оорулу. Эркек болсо личный жашоосун элге шерменде болтурбай чечип коймок.
+7
Ssinz7
2016-03-02 14:33:37
Козун май басып калыптыр. Акча колдун кири бугун болсо эртен жок.Ар пендеге кудайым инсап берсин.
+5
Shat.88
2016-03-02 22:38:54
Кыздын энеси эмнеге коммент ьеруудон баш тартат значит ишкердин аялы айтканы чын коммент бергенден коркуп атат да олтуруп кетсечи деп же жыргал турмушта жашап атам шугур деп атабы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан