Бишкекте өтүүчү бильярд мелдешинин баш байгесине унаа коюлат
23-25-март күндөрү Бишкекте бильярддын москвалык пирамида түрү боюнча Кыргызстандын ачык биринчилиги өткөрүлмөкчү. Мелдешке катышуу үчүн төлөнүүчү сумма 1000 сомду түзөт. Ал эми таймаштын баш байгесине автоунаа коюлуп жатат. “Негизи, бул мелдеш эч кандай деле мааниге ээ эмес. Болгону, Кыргызстанда бильярддын деңгээлин дагы да жогорулатуу максатында уюштуруп жатабыз”,- дейт иш-чараны уюштуруучулардын бири Ильяз Адамов.