Чүй облусуна караштуу Сосновка айылында "себепсиз ур-токмокко алган" деген шек менен Баткен облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 21 жаштагы Р.А. аттуу Сосновка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал аталган айылдан белгисиз адам себепсиз ур-токмокко алганын айткан. Бул факт боюнча "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы М.З. аттуу Баткен облусунун тургуну кармалган. Учурда ал камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.