Премьер-министр Чолпон-Атадагы Рапопорт аллеясынын көп жылдык бак-дарактарын сактап калууну тапшырды

Премьер-министр Темир Сариев Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду жолун кеңейтүүдө Рапопорт аллеясын кыйбай, башка жолдорду карап көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Сариев буга чейин бир нече жолу бак-дарактарды сактап калуу керектигин айтып келген. Учурда бул маселенин чечүү жолдорун эксперттик комиссия издөөдө.

Айта кетсек, буга чейин Транспорт жана коммуникация министрлиги аталган аллеяда 178 кыйыла турган бактардын ордуна жаш көчөттөр отургузуларын билдирген. Бул нерсе экологдор менен жарандык активисттердин нааразылыгына алып келген.

Белгилей кетсек, Рапопорт аллеясы Чолпон-Атадагы асыл тукум жылкы заводунун атагын чыгарган Леонид Рапопорттун атынан коюлган. Андагы бактар 1934-жылы тигилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mika020495
2016-03-02 17:08:31
жолду стандарт кылыш керек болсо кыркыш керек.
-2
MuslimNur95
2016-03-02 20:44:07
Сонун жерго кыркпаса жакшы болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан