Бишкекте октон жарадар болгон айым сыртта урушуп жаткандарды кароого чыккан учурда ок жегени аныкталды

Борбордо октон жаракат алган 30 жаштагы айым эки адам урушуп жатканда аларды кароого сыртка чыкканы, ошол учурда урушуп жаткандардын бири аны көздөй ок чыгаргандыгы аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 2-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Учурда окуя кандай болгондугу аныкталууда. Жабырлануучу Мадинанын жана күбөлөрдүн айтымына караганда, ал күнү саат 07:50 чамасында барак тибиндеги үйдүн жанында болжол менен түрк улутундагы эки жаран ичимдик ичип, урушуп жатышкан. Ошол учурда аталган үйдө жашаган айым сыртка чыгып, аларды көрүүгө аракеттенет, аны байкаган эки жарандын бири аны көздөй ок чыгарган. Айымдын мойнуна ок эмес, анын чачырандысы тийип, ал жаракат алган. Учурда ок чыгаргандарды издөө иштери өз натыйжасын бере элек",- дейт аталган башкармалыктын басма сөз катчысы О.Казабаев.

Айта кетсек, окуя 28-февралда саат 07:50 чамасында Лев Толстой жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринин жанында болгон. Анда аталган аймактагы үйлөрдүн биринен чыккан айымды көздөй 2 белгисиз адам ок чыгарып, изин жашырып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kirgizstan
2016-03-02 19:01:36
Анын эмнесин корот экен.
-2
Mahabbat
2016-03-02 19:16:35
Чыкпай эле койбоптур. Мына сага, пайлаган мындай болот деген окшойт
0
BARSBEK.KG
2016-03-02 19:20:32
Турктор болсо акчасына кызыгышып биздин менттер жашырып жатса керек... болбосо эмдигиче табылмакда... ушул боюнча кийин да маалыматынарды кутобуз.
+6
Arlenchik
2016-03-02 21:51:58
Турктордун акчасына кызыгып ишти жаап койбой жазасын бергиле,биздин мамлекетте журуп копкондорун кара,жон адамга ок чыгарып.
+5
BekturBBB
2016-03-03 03:06:37
Ммм
-1
leonar
2016-03-03 06:45:43
Карап койсо да ата берсе,псих го, тапанчаны жонокой адам алып журбойт, бул жерде бир иш бар.
+3
Xperiaedil
2016-03-03 10:19:29
Орусияда озбек аял баланы олтургондугу учун аны кармап дагы рейд журуп жатат дегенди окудум, кыргызстанда болсо кыргыз жаранын аткан башка улут изин жашырып кеткенин окудум...
0
cholponka91
2016-03-03 10:24:39
закон кучтуу да аякта а бизде болсо тушунбойсун не кылып иштеп жургондорун
+1
Komrad
2016-03-03 13:10:11
Түрктөрдү айдаш керек туркиясына. Түрктөрсүз кафе базар ача албай калдык беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан