Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын ага инспекторунун 22 500 сом пара алып жаткан жеринен кармалгандыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын кызматкеринин 22 500 сом пара алып жаткан жеринен кармалгандыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG`ге маалыматты бүгүн, 2-мартта аталган мекемеден тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кармалган кызматкер Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Токмок шаары боюнча жаза аткаруу инспекциясынын ага инспектору болуп эмгектенген. Ал шаардын тургунуна уулунун соттолгондугу тууралуу окуу жайына билдирерин айтып коркутуп, анын соттолгондугу тууралуу маалыматты мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруу үчүн 300 доллар талап кылган. 26-февраль күнү тиешелүү мекеменин кызматкерлери тарабынан 22 500 сом акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Учурда №1-СИЗОго камакка алынып, иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан