Жалал-Абадда ломбардда иштеген аялдын жансыз денеси талаадагы кудуктан табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.
“24-февралда милицияга жаран кайрылып, анын апасы унааны минип кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун билдирген. Бүгүн, 2-мартта изделип жаткан аялдын жансыз денеси Жалал-Абад шаарынын аймагындагы талаадагы кудуктан табылды. Бул кылмышка шектүү делинип бир нече адам кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө”,- дешти милициядан.