Борбор калаада кымбат баалуу уюлдук телефон уурдоого шектелип 36 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-февралда Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына 21 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 19:30 чамасында үйүнө белгисиз адамдар кирип, кымбат баалуу уюлдук телефонун уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан 36 жаштагы А.Р. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.