Жылнаама, 3-март: Мындан 66 жыл мурун телеалпаруучу, диктор Бактыбек Мамытов туулган

* Мындан 66 жыл мурун, 1950-жылы телеалпаруучу, диктор Бактыбек Мамытов Чүй боорунда жайгашкан Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Улуттук университеттин филология факультетине тапшырган. Ал эми дикторлукка кокусунан келип калып, 1973-жылдардан тартып бул кесипти аркалай баштаган.
Бактыбек Мамытов маданиятка кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. 2000-жылы "Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн отличниги", 1993-жы­лы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", 2006-жылы Даңк медалы жана башка бир топ сыйлыктарга та­тыган. Көптөгөн жылдар бою "Арноо концерти" көрсө­түүсүнүн редактору жана алып баруучусу болуп иштеген.

* Мындан 55 жыл мурун, 1961-жылы Бопуш деген ат менен таанымал болгон актёр, куудул Марат Жанталиев Нарын облусунун Кара-Кужур айылында туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын экинчиси. Москва шаарындагы Кинематографиялык институтту бүтүргөн. КРнын Ардак грамотасынын ээси. Марат Жанталиев көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келет.

* Мындан 7 жыл мурун, 2009-жылы белгисиз кишилер журналист, саясий баяндамачы Сыргак Абдылдаевдин 21 жерине бычак урушкан. Журналисттин өмүрүнө кол салуу Бишкектеги Тоголок Молдо көчөсүндөгү басылманын имаратынын жанында кечки саат 7лерге жакын болгон. Муну көрүп калгандар 20 мүнөттүн ичинде №4-шаардык ооруканага жеткиришкен. Сыргак Абдылдаев оор абалда ооруканага түшкөн. Мээси чайкалып, эки колу тең сынган. Балтырына 21 жолу: оң жагына 12, сол жагына 9 жолу бычак сайылган. Дарыгерлердин айтымында, журналисттин өмүрүн ооруканага убагында алып келүү сактап калган.

* Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы Кытайдын Юньнань провинциясында жер титирөө болуп, көптөгөн имараттар кыйроого учураган. Жер титирөөнүн күчү 5,5 баллга жеткен. Күтүүсүз кырсыктан 92 миң адам жабыр тартса, 1700дөй үй кыйрап калган. Аталган аймактагы электр жана суу менен камсыз кылуу тармагы да иштен чыккан. Кырсык болгон жерге мамлекет тарабынан 3 миң чатыр, төшөнчү жана жылуу кийимдер жеткирилген.

3-мартта Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан