3-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +16°C, түнкүсүн -2°C
Талас облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн -3°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +20°C, түнкүсүн +2°C
Баткен облусу. Күндүз +19°C, түнкүсүн 0°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -1°C
Нарын облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -5°C
Бишкек шаары. Күндүз +15°C, түнкүсүн +1°C