2016-жылдын 28-февралынан 2-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын офицерлери УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча кызматчылары жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрү менен бирге түштүк аймактык кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде сабактарды өткөрүштү. “Эл аралык терроризм жана регионалдык экстремизм Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч катары” жана “Эл аралык терроризмдин жана диний экстремизмдин идеологияларынын карама-каршылыктары” деген темадагы сабактар видеоматериалдар менен коштолду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш-чара курал-жарак, согуштук жабдууларды, башка материалдык-техникалык жабдууларды уурдоонун алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын "Ислам мамлекети", "Аль-Каида", "Талибандар", "Жебхад-Аннусра" сыяктуу аталыштардагы эл аралык диний-экстремисттик уюмдардын катарына тартылуусунун алдын алуу максатында өткөрүлдү.
Үстүбүздөгү жылы бул сыяктуу сабактарды терроризмге жана диний-экстремизмге каршы күрөшүүнүн ар түрдүү тематикалары боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Улуттук гвардиянын бардык кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде мындан ары өткөрүү пландалды.