12-мартта “Кыргыз алтын” ишканасы Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук администрациясына 2 авто унаа тапшырды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы бүгүн, 22-мартта билдирди. Тактап айтканда, райондук администрацияга жүк ташуучу Hоwo үлгүсүндөгү унаа берилсе, Нива 2121 үлгүсүндөгү унаа райондук билим берүү бөлүмүнө ыйгарылды. Белгилей кетсек, учурда Тогуз-Торо районунда “Кыргыз алтын” ишканасына караштуу “Макмал" алтын комбинатынын филиалы иш жүргүзүп келет.