Ош шаарында Жалал-Абад, Баткен жана Ош шаарынын жаштары үчүн 20 Жаштык борборунда тренингдер өткөрүлүүдө. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.
“Үч күндүн ичинде алган билим жана тажрыйба келечекте ар кандай чөйрөдө чоң ийгиликтерге жетишүүдө да жардам берет деп ойлойм”,- деп белгиледи машыктыруучу Алтынай Саипова.
“Жакшы жазылган резюме жана аңгемелешүүдөн өтүүнү билүү жумушка кирүүгө эң жакшы стратегия болуп саналат. Резюме түзүүдө өзүңөрдүн бардык ыкмаларыңарды жана мурда алган тажрыйбанын негизиндеги жөндөмдүүлүгүңөрдү жазганыңарга ишенүү керек. Ал эми стажёрго эң негизги билүүчү нерсе - аңгемелешүү убагында иш берүүчүнү кантип ишендирүү жана эмне үчүн ушул кызмат орунга так сиз татыктуу экениңиз тууралуу билүү”,- дейт “Дүйнө корпусунун” волонтёру Келли Оберлин.
Лидерлик темасындагы тренер Мураталы Үчкемпиров жаштарда позитивдүү лидерлик сапатты өнүктүрүү керектигин айтты. “Жаштардагы лидерлик биринчи кезекте жаштар өздөрүнө жоопкерчиликти алуу максатында жана элди өз аркасынан тартуу үчүн керек”,- деди Мураталы Үчкемпиров.
Эскерте кетсек, ушул сыяктуу тренингдер мурда өлкөнүн түндүк жактарында өткөрүлгөн. Тренингдердин аягында катышуучулар тажрыйба алуу үчүн ар кандай компанияларга жана мекемелерге тандалып алынышат.