ЭЛДИК КАБАР: Окурман Москвада 1-марттан баштап Миграциялык федералдык кызматынын рейддери күчөтүлгөн түрдө өткөрүлүп жатканын билдирди

Орусиянын Москва шаарында 1-марттан баштап Миграциялык федералдык кызматынын рейддери күчөтүлгөн түрдө өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Алар бардык жерлерди текшерүүгө алып жатышат. Кечээ, 2-мартта биздин батирди текшеришип, Орусиянын жарандыгын алган үчөөбүз гана калдык, калгандарын автобус менен алып кетишти. Мекендештерге кайрылабыз, сак болгула! Документтериңерди толук алып жүргүлө. Текшерүүлөр Москвада 4 жашар кыздын өлтүрүлгөнүнөн кийин күчөдү",- деп кайрылды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
temirov76
2016-03-03 09:06:18
Бир карын майды бир кумалак чиритет деген ушулда.
+6
ekaterinburg
2016-03-03 09:17:02
Кыйын болду Кыргызга...
+6
Ayida
2016-03-03 10:33:27
Озбектерди камасын кармасын Кыргызда куноо
+1
Jigit80
2016-03-03 11:06:09
азыркы бийлик 6жыл мурда биз бийликке келсек жыргатабыз деген толгон токой убадаларды берген эле.Кана эми ошолор убадаларын аткарып,кыргыздар оз мекенинде,башка олкого коз каранды болбой,ата эне,балачакасынын жанында эле иштешсе.Бирок ал убадалар аткарыларына мен эле эмес бутун кыргыз элим ишенбей калды окшойт.
+8
edik.toloikon
2016-03-03 12:31:25
Кыргызстан дагы өнүгүп биздин мамлекетке орустар мигрант болуп барган күн дагы келет кудай буйруса туугандар))
+6
begai93
2016-03-03 17:49:02
Шуммшуктор! Колундагы кишендеринин турушун как будто тир смертниктерди алып кете тургандай кылып!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан