Бишкекте 7 жашар баланы муунтуп өлтүрүүгө шектелген аялдын өзүнүн да 7 жаштагы кызы бар экени аныкталды

Бүгүн, 3-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 1-класстын окуучусу Даниэлдин өлтүрүлүшү боюнча биринчи соттук кароо башталды. Соттук кароого айыпталуучу Майрам Акунова жана жабырлануучу тарап Астра Макелеева катышууда.

Сот тарабынан кылмышка шектүүгө бир катар суроолор берилип, анын укуктары түшүндүрүлдү. Кылмышка шектүү буга чейин 1999, 2002, 2013-жылдары соттолгондугун айтты. Андан сырткары өзүнүн 7 жаштагы кызы бар экенин билдирди.

2015-жылдын 10-декабрында милицияга 33 жаштагы Астра аттуу жаран кайрылып, анын баласын белгисиз адамдар уурдап, кайтарып берүү үчүн 150 миң сом талап кылып жатышканын айткан. 11-декабрда аталган кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Майрам Акунова аттуу аял кармалган. Анын Жалал-Абад облусунда туулганы, буга чейин уурдоо жана алдамчылык боюнча соттолгону белгилүү болгон. Суракта Майрам Акунова акыркы 10 күн ичинде уурдалган баланын үй-бүлөсү жөнүндө маалыматтарды топтоп жүргөнүн айткан. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын акыл-эси жайында экени, ал эми бала дарыдан эмес, муунтулуп өлтүрүлгөнү да аныкталган.

1-класстын окуучусу Даниэлдин өлүмү боюнча күбөлөр сотто көрсөтмө беришти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
dav312
2016-03-03 10:51:43
Кыргызстанда акыркы 3 жылдын ичинде оз баласын олтуруу же баласы энесин олтуру модага айланып бара жаткандай туйулат Энелердин энелик мээрими кетти биз бул темп менен журуп отурсак мамлекети жоготорубуздан кумон санабай деле койсо болот
+1
STAN_KG
2016-03-03 11:12:49
dav312, мындай айымдар психический больной!
+1
mister_bond
2016-03-03 14:02:45
Тообо кинодон коргон го баласын уурдап анан акча ондургонду, ошондой максатта болсо керек да кинодогудай болот деп.
+1
89elnura89
2016-03-03 14:28:23
Ведмаго эне эмесле чырпыктай баланын омурун кыйып.
0
tabyshmak
2016-03-04 17:16:38
Баласын жоготуп, азап тарткан эненин куну ошол азап берген аялга да бир кун келет. Муну менен мен соттолуучунун кызына жамандык калагандыгымдан жазган жокмун. Бирок, кыргызда "Келме кезек" деген соз жон жерден айтылбаган чыгаар. Бироого эрте, бироого кеч. Эмнеси болсо да Кудай озу тараза. Элимди жамандыктан Кудай озу сактаган болсо экен!..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан