Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы “Фонта” ишканасы 203 килограмм 529 грамм алтынды жашырып койгону аныкталганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, алтын казуу "Сулуу-Тегерек" жана "Куру-Тегерек" кендеринде жүргүзүлүп, аталган ишкана өз отчётунда тоо кени 1317,4 миң чарчы метрди түзөрүн көрсөткөн. Бирок бир катар текшерүүдөн улам аталган жайларда 2255,323 миң куб метрди түзгөн кен бар экени аныкталган. Ишкана 937,923 миң куб метрге жеткен кенди азайтып көрсөтүп койгон. Казылып алынган жана жашырылган алтындын салмагы 203,529 килограмм экендиги белгиленген.
Бул факт боюнча “коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы” беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.