"Москвада 4 жашар кызды өлтүргөн" деп шектелген аялдын уулу Өзбекстанда камакка алынды

Орусиянын Москва шаарында "4 жаштагы Анастасия аттуу кызды муунтуп өлтүрүп, башын кесип салган" деген шек менен кармалган Гүлчехра Бобокулованын уулу 29-февралда Өзбекстанда камакка алынды. Бул тууралуу анын 62 жаштагы атасы Бахретдин Тураев кабарлаганын Орусиянын ММКлары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Гүлчехра Бобокулованын 19 жаштагы баласы Рахматилло 2015-жылдын ноябрь айында Москва шаарынан өз мекенине жөнөп кеткен. “Азыркы тапта балабыз эмне болгонун жана кайда экенин билбейбиз”,- деп билдирген Тураев.

Эскерте кетсек, 29-февраль күнү Москва шаарында 4 жашар кыз өлтүрүлүп, кыздын ата-энесинин үйү өрттөнгөн деген маалымат тараган. Ошол эле күнү Гүлчехра Бобокулова кыздын кесилген башын көчөгө көтөрүп чыгып, колго түшкөн. Кармалган аял 15 жылдан бери Психоневрологиялык диспансерде каттоодо турганы маалым болгон. Бул ишти иликтөө үчүн тергөөчү соттон Бобокулованы 2 айга, 29-апрелге чейин камакка алууну өтүнүп, ал камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
DNurgiza
2016-03-03 10:32:05
Баласы эмне себептен камакка алынды? кандай куноо менен?
+6
beka1207
2016-03-03 11:07:29
DNurgiza,
Ушунун себебин мен да эчжерден окуй албадым
-1
arena2014
2016-03-03 11:29:58
DNurgiza,ал жак кыргызыстан эмес тартип бар туугандарда
+1
Bodibilding
2016-03-03 15:44:40
DNurgiza, энесин терористер менен алакасы бар деп жататко балким ошол учун камака алгандыр баласына да бир нерсе уйроткон деген шек менен.
+3
tursunbaev2016
2016-03-03 22:29:19
Bodibilding,Ошондой болушу мумкун туура айтасын
0
kobra86
2016-03-03 11:13:24
Балада эмне айып?
0
behappy74
2016-03-03 11:22:25
эптеп жакшы корунуу саясаты го.болбосо балада эмне кеп
+3
arena2014
2016-03-03 11:34:05
Керек болсо уй булосу менен жок кылып койот
+2
nursultan.91
2016-03-03 11:47:01
Озбектерди чекеден тазалап жатыптырго кече азаттыктан уктум, ээн еркин журо албай калышыптыр,эми кун бербесе керекгооо
+2
nursultan.91
2016-03-03 11:52:28
Баласыныда бир нерсе баштабасын дагы дегендирда
+2
sabyr86
2016-03-03 14:12:20
Энеси үчүн баласы жооп бербеш керек.
0
begai93
2016-03-03 17:45:32
Ии тооба Кудаай деп жашай турган заман болуп калды! Олтуруп башын алып капкара Сириядагылардай Хиджап кийип алганына караганда ушу Сириянын бир нерсеси бар деп ойлойм ! Эгер жон эле озунун акылы менен болгондо анда ошол эле уй кийими менен чыга бермек и Аллоху акбар деп кыйкырмак эмес!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан