Кыргыз-казак чек арасынан тактайлар жүктөлгөн 4 оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары кармалышты. Алар Мамлекеттик көзөмөлдөн өтүү жөнүндө талонго өткөрүп жаткан тактайдын көлөмүн эки эсе төмөндөтүп көрсөтүшкөн. Муну 3-март күнү Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, Ысык-Ата районундагы айланып өтүүчү жолдон кармалган унаалардын ичиндеги жүктүн салмагы документинде көрсөтүлгөндөн эки эсеге аз экени аныкталган. Тактап айтканда, тиешелүү документтеринде 110 куб метр тактай көрсөтүлсө, иш жүзүндө болжол менен 220 куб метр тактай болгон. Өткөрүлүүчү жүк Орусиянын Томск шаарынан алынып келе жаткан. Ал эми унаалардын айдоочулары Казакстандын жарандары болгон.
Жүк аймактык салык органдарына өткөрүлүп берилди.